Чүкө. Ашык атып ойногон Балдар аман жатабы? («Семетей»). Шайызында жети жашка чыгып алды, Ашык ойноп жаш балдарга ойбой салды («Эл адабияты»).
1. Белгилүү ченден, өлчөмдөн көп, артык, арбын. Төлдөтүп ашык чарбасын Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Путтап шекер, кант алган (Нуркамал). 2. Чектен, нормадан чыгып кеткен, ашкерелиги бар. Болуптур, ашык сөзүм болсо кечирип кой (Сасыкбаев). 3. Артыкчылыгы бар, өйдө, жогору, мыкты. Сенин элден ашык болуп кеткен эчтемеңди көрө албадым («Чалкан»).
Жакшы көргөн, сүйгөн, сүйүп калган. Ашык болуу. Ашык жары Кишимжан, Ак үйдөн чыкты керилип («Олжобай менен Кишимжан»).
Шашуу, шашылуу. Конвертти ачып, катты окууга ашыктым («Агым»).